Дастан Бекешев: «Садыр Жапаровду премьерликке шайлоодо регламент бузулду»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышындагы КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев 10-октябрда Садыр Жапаровду премьер-министрликке шайлоо боюнча кезексиз жыйында кворум чогулган жок деп билдирди.
Ал жыйында парламенттин регламенти бузулганын «Азаттыкка» маалымдады.
«Кворум болгон эмес. Себеби, 61 депутат ошол жерде отурушу керек болчу. 61 депутаттын ишеним катын санаш керек болчу. Кечээ менин маалыматым боюнча 51 депутат отурган. 10 ишеним кат болгон. Бирок ошол эле кезде кээ бир депутаттар башка фракциядан ишеним кат алышкан. Бул «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү» мыйзамга туура келбейт. Ишеним катты фракциянын ичиндеги депутат фракциялашына гана бере алат. Башка фракциянын депутаттарына бере албайт. Мисал катары айтсам, Сайдулла Канболотович (Нышановред.) депутат Иса Өмүркуловдон ишеним кат алган. Мына, бул мыйзамсыз болуп жатат. Ошондуктан, жыйында 61 депутат отуруп, ишеним катты санашы керек болчу.
Парламенттин 51 депутаты катышып, ону ишеним кат менен добуш бергени айтылган 10-октябрдагы кезексиз жыйынга Дастан Бекешев барган эмес. Ал ишеним катты эч кимге бербегенин, анын ордуна эч ким добуш бербегенин айтты.
«Бизди чакырганда ар кайсы талапкерлерди карайбыз деп айтышкан. Тилекке каршы андай болбой, бир эле талапкер көрсөтүлүп калды», — деди Бекешев.
10-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду бекиткен.
Бул жыйынга катышкан депутаттар жана Садыр Жапаров кворум чогулганын айтышкан. Баары мыйзам чегинде өткөнүн билдиришкен.

Аргумент.kg