“Зек», «мафия», «саткын»: Алмазбек Атамбаев митингде сүйлөгөн сөзү

Урматтуу кыргызстандыктар, биринчиден бир нерсе айтар элем. Биринчиден, баарыңарга таазим этем, таазим этем. Рахмат.
Силер болбосоңор, эл болбогондо, жакшы эле аракеттер болуп жатты. Атамбаев түрмөдөн ары көздөй тиги дүйнөгө кетсин деген. Мен жакшы эле ойлоп жаттым. Кетсем деле баары бир, буюрса кыргыздын жерине көмүлөм деп. Бирок ичимде үмүт дайыма бар болчу. Баары бир чындык биз менен, үмүт биз менен, жеңебиз, эл бар деп, рахмат баарыбызга.
Албетте, кайгырып жаткам. Азыр болуп жаткан окуяны мен чыгып айтканда элдин көпчүлүгү ишенбей койгон. Сооронбай менен Раим миллион бир мафия. Акча үчүн Сооронбай Сапар Исаковду, Кубан Кулматовду камады деп айтсам эч ким ишенбей койгон. Атамбаевге бийлик керек деп. Атамбаевге бийлик керек болсо мен экинчи жолу деле шайлап бергиле десем, шайланып алмакмын. Канча киши келди, шайлап беребиз деп. Атамбаевге элдин ынтымагы, элдин тынчтыгы, келечеги керек.
19 жаштагы беткендик, лейлектик жигит кечээ Сооронбайдын кешикчилеринин огунан, гранатасынан өтүп кетти. Аты да Үмүт. Ошентип кыргыздын да үмүтүн жок кылалы деп жатат, бул айбандар. Матраимов, Жээнбековдордун мафиясы кайра келебиз деп үмүттөнүп отурат.
Мен билем Сооронбай шерменде Шарипович кете элек, Кыргызстандан. Ал калп эле элди ойлойм деп, кайра келем деп ойлоп жатат. Элдин жарымы кырылса да, кайра келем деп ким менен гана аракет кылып жатат. Баарын үгүттөп, элди бөлүп экиге. Атамбаев кыргыз элин бөлөм десе Оштун түбүнөн Сооронбайды алып келет беле, президенттикке? Чүйдө жигиттер жок бекен?
Мен кыргыздын биримдиги үчүн, кыргыздын келечеги үчүн, кыргыздын үмүтү эч качан өчпөсүн деп жашап жүрөм. Мага эч кандай бийлик кереги жок. Бирок азыркыдай бандиттер келип алып, бешинчи жылы Бакиев Рыспекке таянып бийликке келгенден кийин Рыспекти ошол Бакиевдердин адамдарды өлтүргөн. Мен ал киши түрмөгө отурганынан айткан жокмун, момундан уктум деп. Дагы срок кошпосун деп. Ошол кездеги силовиктердин чоңдору мага айткан, биз өлтүрдүк Рыспекти деп. Азыр чуркап жүргөндөр, Сооронбайга жардам берип жаткандар. Сооронбайлар өздөрүн өлтүрөт. Иштери бүткөндөн кийин. Бирок биринчи эч кандай күнөөсү жок балдарды өлтүртөбүз.
Рыскелди (депутат Рыскелди Момбеков) айтып жатат: Ыңкылапты зектер үчүн кылган жокпуз деп. Менимче зектин арасында мен да бармын. Бир жылдан ашык отурдум. Чындыгында ойлогом, дагы 3 жыл отурам, Сооронбай кеткенче деп, тирүү калсам деп.
Зектин айырмасы чоң. Мен көрбөдүмбү. Ошол эле ГКНБ, менин убагымда да МВДдагы следователдер уголовный иштерди бычып туруп, бир топ күнөөсү жок адамдарды камаган окшойт. Мен албетте бир нерсеге каршымын. Күчкө салып бийликти алам деген аягында жаман бүтөт. Мен жанагы убактылуу өкмөт түзөбүз дегенде каршы болгом. Бирок азыр дагы оюндарга каршымын. Легитимдүү органдар отурсун. «Силовики ни при чём» деп жатат. Могу силовиктер Сооронбай үчүн өлүп берет, чоңдору. ГКНБ офицерлери, составы сонун жигиттер. Бирок приказ бергендер… Кой-Таш операциясын башкарган, эч кандай куралы жок элди атып, минден ашык адам раненный болгон. Салиев азыр ГКНБны башкарып жатат. Жанында дагы ошондой замдары отурат.
Курсан Асанов бүгүн эртең менен Памир Асановго окшогон, ошол эле Субаналиев айткан Матраимовго, Сооронбайга каршы сөз айта албай жатат деген замдарды кетирем десе, өзүн кетиришиптир. Жээнбековдун силовиктери ГКНБда, МВД, прокуратурада, сотто отурса, базада отуруп алып Алмамбет Салиев башкарып жатса, мурункудай эле… Алар кайра бизди атканча, жоготкончо күтөбүзбү? Үмүттүн аркасынан дагы канча жигит кеткени турат? Ошондуктан ачык айтайын, тынч жол менен бүтүрүш керек.
Ошол парламенттеги Рыскелди айтып жатат иним: Парламент эркек болсо чогулгула деп. Эми парламентте 3 эркек бар болчу: Карамушкина, Кодураңова, Орозова. Эми албетте башкалар да бар болчу. Мен күлүп алсын деп айтып жатам, чынында. Бирок ошондой да сөз бар да.
Ошондуктан мен кайгырып айтчумун: чимкириктер депчи. Чимкириктер десем Кожобек Рыспаев айтпадыбы: биз элитабыз, чимкирик эмеспиз деп. А эмики парламентти шайласак такыр эле какырык экен. Анан эл чыдабайт да.
Момундай революцияны, ыңкылапты эч качан эл уюштурбайт. Дайыма бийлик жасайт. Бизге анын кереги жок. Балдар аман болсун, кыргыз эли аман болсун деп жашап жатабыз. «Силовики нейтральную позицию занимают» деп айткандар кыргыз элинин душмандары. Ушул силовиктерди Кой-Таштан кийин карапайым жигиттерди чыгарып алып, башына целлофанды кийгизген жигиттер, приказды аткаргандар, Военная прокуратура, МВД, ГКНБ отурат, дагы эле. Эртең кайра башыңарга баштык кийгизебиз деп. Азыр башкарып отурат. Аларды кетирем деген Курсан Асановду кетирип жатат. Кээ бирлер чыгып айтып жатат: «легитимдүү президент чыгып айтып жатат, сүйлөдү». Бул президент эмес. Бул деле Акаев, Бакиевге окшогон качкын, биринчи кезекте саткын. Досун саткан, элин дайыма сатат. Силерге айтат элем. Мындай да, кыргыздын сөзү бар: «Ит дос болсо жакшы, досуң ит боло жаман» деп. Кудай баарыңарды андай достордон сактасын. Шаримандай достордон Кудай сактасын.
Албетте мага да ар кандай күчтөр чыгып жатат. Сүйлөшөлү, соодалашалы деп. Мага эч кандай бийлик кереги жок. Бирок бардыгы тынч жол менен өтсүн. Мына Өмүрбек инимди (Өмүрбек Бабанов), менин убагымда мындан да кетти, менден да кетти. Бирок көрүп жатабыз да, болбой эле түз жүрүп жатат. Азыр башкалар айтып жатат, Атамбаев оружие даярдап жатат деп. Переворот кылып бийликти алайын деп жатат деп. Атамбаевге бийлик кереги жок. Атамбаевге эл керек, элдин үмүтү, келечеги керек.
Орусча да бир-эки сөз айтып коеюн. Кайра ушак кетпесин», — деп кайрылуусун орус тилинде улантты.
Баракелде

Аргумент.kg