“Кыргызстан” партиясынын үгүт кербени Манас районунда

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Кыргызстан” саясий партиясынын жаш талапкери Кумаш уулу Кылычбек Талас облусунун Манас районундагы Покровка айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Эл уулун тосуп алган айыл тургундары жаш талапкерге элеттеги көйгөйлөрдү ачык айтып, суроолорун беришти.

Негизинен элеттиктер таза суу, жол куруу, айылдагы мектептердин абалы жана миграция тууралуу суроо узатышты.

Кумаш уулу Кылычбек айыл тургундарынын көйгөйлөрүн чечүүчү маселелери “Кыргызстан” партиясынын программасында камтылганын белгилеп, партиянын программасы менен тааныштырды.

“Айылдаргы көйгөйлөрдү чечүүнүн бирден бир жолу – бул жумушчу орундарды түзүү жана айылдын инфраструктурасын жакшыртуу. Биздин партия бул багытта куру убада менен эмес, өндүрүш менен өнөр жайга жана өлкө экономикасына иш жүзүндө салым кошуп, элди жумуш орундар менен камсыздап келген партия. Өлкөнүн экономикасы көтөрүлүп, эл жумуш орундар менен камсыз болсо бардык көйгөйлөрдү чечүүгө жол ачылат”, – деди талапкер.

Жолгушуунун соңунда айыл тургандары Кумаш уулу Кылычбекке, ийгиликтерди каалашып, колдоп берерин билдиришип, ак бата менен узатышты.
Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 06.08.2020)

Аргумент.kg