Назира Айтбекова: «Төрт партиядан сунуштар түшүп жатат»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Белгилүү алып баруучу, актриса Назира Айтбекова Argument.kg порталына интервью берди

Салам Назира,шайлоого жакын партиялардан сунуш түштү деп угуп жатабыз. Кайсы партияны колдоого алып жатасыз?

— Төрт партиядан сунуштар түштү. Алдыңкы ондукка кир дегендер да бар. Депутаттыкты каалаган эмесмин жана каалагым деле келген жок. Бирок күчтүү, таза партия болсо, колдоп берем албетте. Акылдууларды депутаттыкка түртүп, көмөк кылып коюп , артистигимди улантып жүрө берем. Бул шайлоо өзгөчө шайлоо. Таза, мекенчил адамдарды алып келе албасак, эмдиги беш жылдыкта катуу кыйналып калабыз. Көп акылдуу жаштар үмүтүн үзүп, өлкөдөн чыгып кетишет. Ошон үчүн терең, туура ойлонолу. «Биздин бала», «Биздин жердеш» деген түшүнүк бүттү. Эми өлкөнү сүйрөй алчулардын мезгили.

— Саясатка аралашууга даярсызбы?

— Саясатка аралашпайын десең дагы аралаша турчу мезгил болуп жатат. Саясатчы болгум келген жок, бирок саясатка туура адамды алып келүүгө көмөк көрсөткүм бар.

— Бир үйдүн түйшүгүн жалгыз тартуу кыйын эмеспи?

-Бир үйдүн түйшүгүн жалгыз тартуу албетте оңой эмес. Ошентсе да башка түшсө , байтал жорго. Көнүп деле калат экенсиң. Башында ыйлап жүрдүм. Азыр көнүмүш адатка айланып калды. Эч ким мага кам көрүүгө милдеттүү эмес. Милдет артпайм. Жанымды багып кете алганыма сүйүнөм. Кудайга шүгүр. Жалгыз таянганым, ишенгеним Жараткан. Ден соолугумду берсе эле башка муктаждыгым деле жок.

 

— Сизге катуу сын пикирлер жазылат кандай кабыл аласыз? Териккен учурлар болобу?

— Териккен учур башында болгон. Кенедей кызмын анда. Энемдин колтугунан эми чыккан. Азыр он беш жылдын ичинде өзүмө өзүм турганды, өзүмдү коргогонду, мактоого дердектеп кетпей, тепкиге чөкпөй турганды жашоо үйрөттү. Буга шүгүр дейм. Адам чыйралат экен бара — бара.

Аргумент.kg