Кызым турмушка чыкпай жатып төрөп алып, эл алдында шерменде кылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Kaргыш эмне экенин ушул жашка келгени дегеле маани бербептирмин. Чын эле адам баласы башына түшмөйүн эч нерсени түшүнбөйт экенбиз. “Төө кыядан өткөн соң, “чү” дегенден не пайда?” демекчи, түшүнгөндө-түшүнбөгөндө деле азыр кеч болуп калды. Чын эле ошондо бекер кылыптырмын, азыр катуу өкүнүп калам.

Окууну жаңы гана бүтүп келген кайын сиңдим менин үйүмдө жашачу. Райондук ооруканада врач болуп иштечү. Турмушка али чыга элек болгондуктан, ага көз артпаган, куда түшпөгөн адамдар калган жок окшойт. Көбүнчөсү эле мага келишет. Бирин жактырсам, бирин жактырбайм. Кайын сиңдимден акырын кыйытып сурап көрсөм, сүйлөшүп жүргөн жигити бар экен. Чын эле жигиттер суктангыдай кайын сиңдимдин өңү-башы татынакай болчу. Эркектер келип атып тажап да кеттим, аны сөзсүз күйөөгө бериш керек болуп калды. Райкомдо иштеген бир бала бар болчу, атасы элдик контролдоо кызматында иштейт экен. Ал мага күндө келип, мени “жеңелеп” колго ала баштады. Жөн-жай эмес, келген сайын өзү менен көтөрө бир нерсе ала келчү. Адегенде албай жүрдүм, анан “ме­нин эмнем кетип атат эле” деп бергенинин баарын моюн толгобой кымырам. Ал жигиттин да өңү-башы татынакай, окууну жаңы гана бүтүп, иштей баштаган болчу. “Буга күйөөгө чыкса жаман болбойт, окууну бүткөн, чоңдун баласы” деп, аны мен жактыра баштадым. Кайын сиңдим менен тааныштырып, “ушуга эле турмушка чыгып ал” дедим эле, ал “жигитим бар, менин жашоомо кийгилишпей жүрүңүзчү” деп кагып таштады. Ачуум келе түштү. Бул үйдөгүлөрдүн эң эле улуусу мен болсом, мени кагып салганын кара. “Эшекти отко айдаса бокко качат” болуп, ага мен бирди көрсөтмөй болдум.
Тигил жигит менен сүйлөшүп туруп, атайылап ала качып берүүнү чечтим. Анын үстүнө тигинден анча-мынча нерсесин дагы алып койгом да. Бир күнү алдап ээрчитип барып, анын үйүнө өзүм киргизип бердим. “Бир жерге конокко барабыз” деп азгырып кеткем. Мен берки үйдө отурам, эки-үч аял ага жоолук сала албай ызы-чуу болуп атышат. “Жеңе!” деп мага кыйкырат, мен болсо укмаксан, дүлөймүн.
—“Таш түшкөн жеринде оор”, “Кыз жыргаар жерине ыйлап барат”, “Дандын барар жери тегирмен” дейт, келгенден кийин көчүктү басып отуруп кал,-дедим кебелбей.
—Менин жигитим бар экенин билесиз да, жеңе…
—Ну и что, мындан сонун жигитти таппайсың, сен шүк отур!
Анын жалдыраганына, мени тырышып кармаганына болбой, жулкуп салып кетип калдым. Мен сыртка чыгып баратканда, кайын сиңдим ачуусу менен аябай каргап жиберди.
—Мен көргөн азапты кызың да көрсүн, сен дагы кызындын азабын тартып кал!-деп кыйкырды.
Анын сөзүн укмаксанга салып кетип калгам. Ошол боюнча көп жылдарга чейин экөөбүз сүйлөшпөй жүрдүк. Азыр ойлосом, анын убалына калыптырмын, сүйлөшүп жүргөн жигитинен тартып алып, сатып жибергендей эле болдум. Кийин анын каргышы чын эле өз башыма сокку болуп тийбедиби. Убагында ал сөзгө анча деле маани берген эмес болчумун…
Кызым турмушка чыкпай жатып төрөп алып, эл алдында шерменде кылды. Анысынан да ага күйөө токтобой койду. Улам тийет, кайра ажырашып кетет, ал да катуу кыйналды. Азабын азыркыга чейин мен тартып келатам. Экөөбүз көп урушуп, көп элдешебиз. Уулум аял алды эле келиним экөө тил табыша албай коюшту. Кызым бизден бөлүнүп кетти. Азыр эч жерде иштебейт, аны биз багабыз баласы экөөнү. Чындыгында каргыш жаман экен, ал дароо эле тийбейт. Тээ көп жылдан кийин көрсөтөт экен. Окурмандарга айтар элем, бирөөлөрдүн каргышына калгыча батаны көбүрөөк алгыла. Келечекте өсөрүнө жакшы болот…

Гүлмайрам

Арыба.кж

Аргумент.kg