Уулум өзүнөн он жети жаш улуу аялды сүйүп калыптыр…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мен өзүм тажрыйбалуу психолог болуп, көп кишиге жардам берип, көп көйгөйлүү иштерди чечип жүрүп, бүгүн айламды таппай үстөлдүн үстүндөгү гүлдү тиктеп ойлуу отурдум. Кандай кылам? Эмне кылам? — деген суроолор жаап, жооп табалбай отурам. Биринчи келин уулум үйлөнүп эле бөлүнүп кетишкен, бизге пайдасы да зыяны да жок, өзүлөрүн эптеп кетсин деп жөн койдук. Экинчи келиним, айттырбай кылган, тыпылдаган келин көрүнгөн. Бара бара көнүп алгандан кийин өнөрү чыга баштады. Идиш аяктан кутулганыма сүйүнүп баары сеники, сен билесиң деп койсом, жаш неме туура эмес түшүнүп алды окшойт. Тамак аш асмандан түшкөндөй, сарамжалдоону билбей пайдаланат. Чиритип, ачытып, кычытып ыргытып жиберет. Айтсам кагынып силкинип өзүм билем дегендей мамиле кыла баштады. Уулумдун көзүнчө башкача мамиле кылат, уулум жокто таптакыр башка. Күн өткөн сайын баламдын да мамилеси өзгөрүлүп баратат. Мен өтүм ооруганга майлуу тамак жебейм келиним билсе да майлуу кылып жасап койот. Мен унчукпай чай ичип отуруп калам, балама апаң жактырбай жебей койду деп жамандайт экен. Үй тиричилигиндеги нерселерди үйрөтсөм да жаман көрүп, балам экөөбүздүн ортобузга от түшүрдү . Бир күнү неберемдин туулган күнүнө кудагыйлар келмек экен аны бизге айткан эмес, мен жолдошум экөөбүз куран окутуп кеткенбиз. Келсек кудагыйлар жаңы кетишиптир, балам нааразы болуп карап бөлмөсүнө кирип кетти. Келинимдин ойу ишке ашкандай көңүлү жайдары. Ошентип жатып баламды бөлүп алып кетти. Өздөрүнчө жашап көрсүн деп мен да жөн койдум. Чалбайт, сурап да койушпайт. Мен психологияны окуганга ошол багыт менен иштей баштадым. Эч нерсе болбогондой болуп, өзүм чалып ден-соолугун неберемди сурап койом. Балам жакшы акча тапчу жумушунан кыскартылып калыптыр, үч бөлмөлүү батирде жашап жаткан, бир бөлмөлүүгө көчүшүптүр. Тамак аштан, акчадан кыйналса да өзүлөрү чыгып кеткенге айталбай жүрүштү. Келиним машинасы менен башка машинаны сүзүп алыптыр, аябай кыйналышты. Эчтеке болбойт,  башың аман болсо сатып аласың деп, бирок үйгө келгиле дебей кетип калдым. Жолдошума да үйрөтүп койдум. Баары келип акчага такалат эмеспи, экөөнүн урушу да жоктон чыга баштаптыр. Кийин балам да үйүнө келбей, келсе уруш чыгып, турмушу бузула баштаганда келиним өзү чалды. Кудагыйым түшүнүктүү киши ошол киши айтса керек деп калдым. Мындай учурда адам болгон ичиндегисин айтат, жарылат. Мен да тамырын тартып сурап жаттым, балам акча таппай келсе уруш чыгарат экен, анан тажап үйгө да келбей койот экен. Кайра үйгө келишти, келинимди баламдын көзүнчө мактап койом. Алдаса болот жаш башты-дегендей алдап, акырын таптай баштадым. Ар бир кылганын мактап койом, оңолуп калды. Күйөөсүнүн акчасын чогуу пайдаланат экенибизди да түшүнүп, мен, меники дебей калды. Балам да оңолуп ахывалымды сурап турат. Ошентип өзүм окуган билимим өзүмө жардам берди. Сынган чыныдай быркыраган үй-бүлөм ордуна келип күндөгүдөй эле күндөр өтүп жатты. Бир күнү келин уулумдун бөлмөсүнөн урушкандарын угуп калдым. Эртеси келиним унчукпай, балам жумушуна кетип калды. Эмнегедир үйдө дагы бир нерсе болгонун сездим. Кечинде келиним ашканада калганда барып сурасам, араң эле турганбы көз жашын тыйа албай айтып берди. Балам кийинки күндөрү өзгөрүлүп үйгө кеч келип, телефондон жашыруун сүйлөшөт деди. Бир чети кош бойлуу болгонго ушинтип жатабы дедим. Мени карап жардам күткөндөй, мен билип берем деп жоошутуп койдум. Бирок эч нерсе биле албай жүрдүм. Бир күнү жумушка баратсам, досу машинасы менен жеткирип койойун деп токтоп калды. Сүйлөшө кетип досуңду эсине кел деп койсоң боло десем. Айтып эле жатабыз аяш эне болбой жатат деди. Өзүмдүн методума салып сурап алганыма, акырын атын кайда иштеерин, 17жаш улуу экенин билип алдым. Жолукканы бардым, ак жуумал сулуу, ачык айрым келин экен. Сүйлөшө кетсем баламды жөн эле пайдаланып жүргөндөй, акчага, кийимге байлыка басым жасагандай. Үй-бүлөсүн бузба деп сурандым, эки баланын убалына калба деп. Жоок деп так секирип, мойнуна албай, жакында турмушка чыгам деп мени жоошутуп жолго салды. Эртеси базарга түшүп майда чүйдө алып кетейин десем, келиним чалып баламды үч күнгө командировкага кетип жатат деди. Ооба мен жумушунан билдим деп алдап койдум. Аңгыча эле экинчи катарда балам баягы келин экөө, бир нерсе алып жүрөт. Көрүнбөй туруп балама чалдым, карап туруп басып койду.
Эки үч жолу кайталадым, албай койду. Экөө соода кылып алып чыгып кетишти. Айла жок үч күн күтөйүн дедим. Келиним менден бир нерсе күткөндөй эле карайт, ага айтсам жаш неме барып мушташып ит эле болушат. Чыдап күттүк көлгө барып келгени билинип турат, күнгө күйгөн. Кечинде дагы экөө урушуп, балам келип телефонумду сурап эшке чыгып кетти. Көрсө келиним телефонун алып алган экен. Келиним чыгып ыйлап мага арыздана баштаса балам киргизип кетти. Кимге чалды деп карасам чалбаптыр, смс жазыптыр. Мага чалба, телефон аялымда — деп. Кайран мени да алдаптыр да. Эртеси эрте туруп ишке барбасам да баламдын машинесине отуруп алдым. Мен бир нерсе кылаарда билинип калат окшойт, балам мени улам улам карайт. Мен сөз баштасам эле балам мойнуна албай жини менен машинасын катуу айдап жөнөдү. Бир нерсе болбосун деп, унчукпай түшүп калдым. Таптакыр мойнуна албай койду. Айла жок кайра Айдайга барып болгонун айтып салдым. Чындап эле көлгө эс алып келиптир.Сиңдимен үч жаш кичүү неме экен жаш көрүнөт. Чогуу иштегендери укпасын дедиби жакынкы чайханага келип сүйлөшүп отурдук.
Баламды да чакырттык. Менде күнөө жок балаңыз өзү жол бербей жүрөт деп күнөөнү балама койду. Балам жакын эле жерде жүргөн окшойт бат эле келип калды, мени көрүп эмне деерин билбейт. Эртең менен эле тапталбаган тайга окшоп аткан балам шалпайып колго түшүп берди. Көп сөз айтылды, балам алам деп чыкты эле Айдай бетине эле башка менен жүрөрүн ага жакында турмушка чыгаарын айтып салды. Балам өзүн эки тоонун чөбүн эңсеген эликтей болуп калганын эми сезди окшойт. Келиним экөө 6 жыл сүйлөшүп үйлөнүшкөн. Ортодо эки бала, терең ойлонуш керек болду окшойт. Үн сөз жок үйгө келсек келиним эт салып койуптур. Утушка жеткендей жакшы маанайда, неберемди эркелетип отурдум. Балам кылганына өкүндү окшойт, башын көтөрө албайт. Мен ар дайым ишим ишке ашканда жазып жүрчүмүн. Бүгүн да дептеримди ачып беш жүз отуз үчүнчү ишимдин ийгилиги деп белгилеп койдум. Келиним да аман эсен көз жарып, кыз төрөп берди, баары жакшы. Кудайга миң мертебе шүгүр кылам.
Румо

Аргумент.kg