Тагдыр: «Өгөй атам эч ким жокто кармалап…»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Менин жашым 15те. Үйдө байкем менен өгөй иним бар. Атам жок, 5 жашымда каза болгон. Апам 6 жашымда экинчи күйөөгө тийди. Жакшы эле жашап жүргөн эле бирок, кийинчерээк ал биздин алдыбызда апама кол көтөрүп, уруп, мойнунан сыгып кыйнайт эле. Биздин үйдө турат, өзүнүн үйү жок. Апам, мен, байкем болуп эртеден кечке иштейбиз. Кечкеси келсек эшикти бекитип алат, ачпаймын дейт. Апамды ким менен көрсө, сен ошону менен төшөктө жаткансын деп баардык айылдаштары ойнош кылып чыкты. Мага да кол көтөрөт, кээде үйдө эч ким болбогондо көкүрөгүмдү кармаган, мен анын бетине урсам, сени милицияга берем бетимди кызартып жибердиң деп коркутчу. Анан 5-6 ай жакшы эле журуп калган, мен намаз окуйм, мен кудайга ишенем деп. Анан кечээги эле күнү үйгө мас абалда кирип апамды ура баштады. Апамды уруп жатканда байкем да апама болушуп аны уруп баштады. Байкемдин колу сынды, анын эсе көзү столдун бурчуна тийген. Апам экөөбүз коркуп кетип милицияга чалдык. Милициялар дагы жарым саатан келди. Милиция келги чейин ал качып кетти. Байкемдин азыр абалы оор, өзү 17 жашта. Өгөй инибиз жакын арада 7 жаш болот. Ушул алты жыл бою баласына бир да кийин алып бере элек. Баарын апам алат. Тапкан акчасына арак ичет. Баласыны ойлоп койсо боло, психикасын бузбай.
Мындай учурда не кылсак болот? Кеңеш бериңиздерчи.

Аргумент.kg