УКМКнын кызматкери Айманбаев менен вице-мэр Бакетаев мас абалында Молдокеевди сабашып, өздөрүн “Камчы Көлбаевдин УКТ мүчөсүбүз” деп коркутушкан

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

26-майдын кечки саат 21:30 чамасында Бишкек шаарынын Чынгыз Айтматов көчөсүнүн 93/1-үйүнүн подъездине УКМКнын кызматкери Чынгыз Айманбаев менен Бишкек шаарынын вице-мэри Алмаз Бакетаев жана дагы бир тууганын кошуп алышып, мас абалында үчөөлөп, 1987-жылы туулган Чыңгыз Молдокеев аттуу жаранды жырткычтык менен сабашкан.
 
Жабырлануучу Чынгыз Молдокеевди подъездден кармап алышкан “үч мушкетёр” эч себепсиз эле ага кол салышып, УКМКнын кызматкери Чынгыз Айманбаев “соём!” деп бычак ала чуркаганда 1-кабаттан чыга калган коңшулардын бири кудай жалгап, бычагын кагып түшүргөн. Анда Айманбаев: “я член ОПГ Камчы Колбаева” деп кыйкырып, колундагы барсеткасынан темир сууруп чыгып, Чынгыз Молдокеевдин бешенесинин сол тарабына урган.
 
Айманбаевден качкан Чынгыз Молдокеевди Бишкектин вице-мэри Алмаз Бакетаев артынан уруп жыккан. Анан Бакетаев менен Айманбаевдин тууганы экөөлөп кармап беришип, Молдокеевди УКМКнын офицери аёосуз сабаган. Натыйжада Чынгыз Молдокеевди “тез жардам” оор жаракаттар менен Бишкектеги 4-травматологиялык ооруканага алып кеткен.
 
Оорукананын билдирүүсү менен келген Ленин райондук милиция бул кылмышты Жоруктардын жана кылмыштардын бирдиктүү реестрине “адам өлтүрүү аракети” беренеси боюнча каттап, сотко чейинки иликтөө иштерин баштаган. Бирок УКМКнын кызматкери Чынгыз Айманбаев милицияны тоотпой, анын чакыруусуна барбай, бүгүн “мен да таяк жегем” деп, ооруканага барып жатып алган. Баса, УКМКнын кызматкери Чынгыз Айманбаев мурун да Медакадемиянын аппарат жетекчисин өлтүрүүгө айыпталып, райондук сот тарабынан соттолуп, бирок Жогорку сот тарабынан “суудан кургак чыгып” кеткен экен.
 
Ошондуктан жабырлануучу Чынгыз Молдокеевдин ата-энеси бул кылмыш ишин милициядан алып, Аскердик прокуратурага өткөрүп берүүнү суранып арызданышууда. Анткени милиция кызматкерлери УКМКнын кызматкерине “тиши өтпөй” турганын ачык эле көрсөтүшүүдө. Мушташ болгон жердеги видеокамералардагы видеожазуулар алигиче алына элек. УКМКнын кызматкери менен вице-мэр спирт ичимдиктерин ичкендиги боюнча экспертизадан өткөрүлгөн эмес.
 
Азыркы учурда жабырлануучу Чынгыз Молдокеевге гана соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
 
Көрсө Чынгыз Айманбаевдин 12 жашар уулу Чынгыз Молдокеевдин 6 жана 8 жашар уулдарын сабап кеткендиктен Молдокеевдин келинчеги, Ширин Санжар кызы: “эмне өзүңдөн кичүү балдарды урасың?” деп Айманбаевдин уулун опузалап койгон экен. Ага жооп кылып, УКМКнын кызматкери Чынгыз Айманбаев бирге ичип олтурушкан досторун топтоп, бейкапар келаткан Чынгыз Молдокеевге дооматын айтпай эле кол салышкан. Ал эми Чынгыз Айманбаевдин аялы өзүнүн туугандары менен үчөөлөшүп, Молдокеевдин жубайы Ширин Санжар кызына кол салып, сабашкан.
 
Бул кылмышты тергөө Аскер прокуратурасына өткөрүлүп, УКМКнын жана Бишкек мэриясынын ээнбаш, чоң муштум кызматкерлеринин кылмыштары юридикалык жана моралдык баа алышы керек.
 
Булак: KyrgyzToday.kg

Аргумент.kg