Ата-энемдин сөзүнө кирип жаш кыздын тагдырын талкаладым

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жашоомдун кыркынчы жазын барактап, өткөн өмүрүмө саресеп салып олтурам. Студенттик күндөрүм совет бийлиги жаңы урап жаткан жылдарга туш келип калды. Зулумдукту билбеген эл каржы жагынан каржала түшүштү. Элдин басымдуу бөлүгү соодагерге айланышты. Көпчүлүктүн агымы менен мен дагы “спирт” алып сатып өз күнүмдү көрүп жаттым. Убакыттын өтүшү менен иштин көзүн таап, азыркы тил менен айтканда 25 жашымда чоң бизнесмен болдум. Ата-энемди багып, бир туугандарымдын баарысын бутуна тургуздум. Эмнегедир өз жашоомо көнүл бөлбөптүрмүн. Жаш курагым отузга таяп калганда, ата-энем үйлөн, жүрө бересиңби, кызың болсо алып кел, болбосо өзүбүз табабыз деп талапты катуу коюшту. Ушул жашка келгени кыз жандап көрбөптүрмүн. Бирок жүрөгүмдүн түпкүрүндө улуу сүйүүнү күтөөр элем. Ата-энеме кызым жок, кое турайын десем биз таап койдук таанышып көр деп мектепти жаңы аяктаган солкулдаган жапжаш секелек кыз менен тааныштырышты. Сезим оту тутанаар деп бир айдай жолугуп жүрдүк. Кайдагы сүйүү, жүрөгүм муз болуп тоңуп калган сымал эч жылыбады. Үйдөгүлөргө “сүйүүсүз” турмуш кура албасымды айттым. Угаар түрлөрү жок, айтор кыйноо менен көчөт кызды өмүрлүк жар кылып алдым. Нике ысык болоору чын болсо сүйүп кетээрмин деген адамдык ойго жетелендим. Жок, мен сүйө албадым. Сүймөк турсун жылуулук тартуулай алган жокмун. Келинчегимдин жаштыгын аядым, перзенттүү болсок мамилем өзгөрөөр деген үмүттө элем. Үмүтүмдү таш каап, балалуу да боло албадык. Туталандым, ызаландым, сүйүүсүз түтөп жашап жатсам, төрөп да бере алган жок деп сабырым суз болуп, кодулай баштадым. Курган жаш неменин менден бакыт издеген оттуу көзүнүн нуру өчүп, акыры ажырашып тындык. Ата-эне, бир туугандарымдан жеме уктум. Өзүмдүкүн бербедим. Андан соң жашоомдо көптөгөн кыз келиндер болду, эч кимисине жүрөгүмдүн төрүнөн орун бере алган жокмун. Кадимки турмуштун кайыгында калкып, иш сапарым менен касиеттүү көл жергесине барганымда, уюткусу уламышка айланган, жүрөгүм нечен жыл бою дегдеп күткөн улуу сүйүүгө кабылдым. Периштемди көргөндө муз болуп, тоңгон жүрөгүм жибип, жан дүйнөм дүрбөлөңгө түшүп жатты… Ошондогу көз караш. Алдастап сөз таба албай апкаарыдым, сүрдөдүм, көөдөнүм жарылып, көзүм ачылды. Атын Перизат деп атаганда, жүрөгүндөгү жылуулуулугу жүзүнөн нур болуп төгүлүп, үлбүрөгөн назиктиги жазгы желдей желбиреп турду. Перизатым атына заты жарашкан пери болуп чыкты. Өзгөчө жан… Ушул жашка келгенче сүйүүнүн керемет экенин сезбептирмин. Ыйык махабаттын учкундары жашоомду көрккө бөлөп, бир күн көрбөй калсам карегим кусалыктын шүүдүрүмүнө чөмүлөт. Өмүр барагымдын отуз сегизинчи жазында Перизатымды таптым. Менменсинген дүйнөм, маралдай керилген, он келбетин чебер сүрөтчү кынаптап тартып койгондой ажарлуу, жан дүйнөсү аруу Перизатым деп жанчылды. Сезимимдин селкинчегин жалындуу махабат боз уландыкындай терметти. Менин Перизатыма болгон сүйүүмдү баяндап бергенге тилдин кудурети жетпечүдөй. Бүчүрү бүрдөп, ажары аңкып турган жыпар гүлүмдү башка жанга үздүрүп жиберүүдөн коркуп сезимимди ачыкка чыгардым. Ардагым Пери сүйүүмдү кабыл алды. Кубанычымда чек жок ойлорум көккө сермелип, албуут соккон жүрөгүм тынч ала түшкөнсүдү. Убакытты көпкө создуктурбай кыргыздын салт- санаасы менен баш коштук. Сүйүү менен курулган үй –бүлөдө бакыттын даамы абдан таттуу болоорун сездим. Акылы тунук жубайым ай болуп тийип, күн болуп жанып жаркылдаган жароокер жар болду. Жыл айланбай эгиз уулдуу болдук. Жараткан ченебей берген бактыбыз төгүлбөсө экен деп тилейм! Акактай тунук, суудай таза, гүлдөй назик, ой жеткис ыйык, кол жеткис бийик сүйүү тартуулаган ошол керемет жаз, сага чексиз ыраазымын!…

Аргумент.kg