Прокуратура: Ок Атамбаевдин мылтыгынан атылгандыгы далилденди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Атамбаевди кармоо учурундагы белгилүү окуяда полковник Үсөн Ниязбековдун окко учкандыгы белгилүү. Ошол кезде эле анын ал ок Алмазбек Атамбаевдин снайпердик мылтыгынан атылгандыгы айтылып калган. Бирок, мындай нерсе сөзсүз түрдө өтө бекем аргументтер менен далилдениши керек эле. 19-май күнү башкы прокуратура ушул маселеге байланыштуу маанилүү билдирүү таратты.
 
Анда, Ниязбеков каза болгон ок соттук экспертизалардын негизинде Атамбаевдин мылтыгынан атылгандыгын далилденгени айтылат. Буга чейин болсо, экс-президенттин адвокаты Замир Жоошев Атамбаевдин куралынан ок атылгандыгы тууралуу далил жок экенин билдирип келген. Башкы прокуратура ага соттук өндүрүш учурунда ар кандай маалыматты таратпоо тууралуу эскертүү берди.
 
Башкы прокуратуранын бүгүнкү тараткан билдирүүсү экс-президенттин үстүнөн жүрүп жаткан сотко бир топ олуттуу жаңылыктарды кошоору көрүнүп калды.

Аргумент.kg