Жогорку Кеңештин депутатынын инисинен коронавирус аныкталды. Ал тартипке баш ийбей, Токтогулга кетип калган
18-бугу, 2020-ж // //Бул маалыматты “коом press” сайтына Токтогул райондук оорукананын башчысы Нуржамал Тешебаева тастыктап төмөнкүлөрдү билдирди:
“Өткөн жумада Россиядан келген айдоочулардын арасында депутаттын иниси Айбек Тотонов дагы бар болчу. Ал анализдеринин жыйынтыгы чыкканча эле, тартипке баш ийбей Токтогулга келе бериптир. Анализдеринде вирустун симптомдору бар деген жыйынтык чыккандыктан Токтогулдагы Жаңы-Жол аймагында жүргөн жеринен табылып, Жалал-Абад шаарындагы обсервацияга алынды”-дейт ал.
Булак:Коом Пресс