Президенттик аппараттын бир айлык чыгашасы 5.5 млн сомду түзгөн

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргызстандын президенттик аппаратынын бир айлык чыгашасы үчүн бюджеттен 5 млн 468.1 миң сом бөлүнгөн. Бул тууралуу республиканын финансы министрлиги маалымдады.
 
3 айда мамкызматкерлердин иш сапарларына 122 млн сомдон ашык каражат жумшалган3 айда мамкызматкерлердин иш сапарларына 122 млн сомдон ашык каражат жумшалган
Каражаттын басымдуу бөлүгү же 4 млн 691.8 миң сом — эмге акы үчүн жумшалган. Взнос/социалдык керектөөлөр үчүн — 600 миң сом, товар жана кызматтар үчүн — 176.3 миң сом бөлүнгөн.
 
Андан сырткары, жалпы ишкердик, резервдик фонд жана президенттин архивине 2 млн 19.3 миң сом коротулган.
 
Президенттик аппаратка
315,0 миң сом
 
Президенттин резервдик фондуна
519,8 миң сом
 
Президенттин архивине
1 млн 184,5 миң сом
Кошумчалай кетсек, президенттик аппаратын март айындагы чыгашасына бюджеттен 1 млн 192.5 миң сом бөлүнгөн.
Булак:Акчабар

Аргумент.kg