Интернет колдонуучулары Кыргыз өкмөтүн “уурулукка” айыптап жатышат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргыз Өкмөтү өзгөчө кырдаал режимин киргизүү тууралуу буйруктун текстин Казак өкмөтүнөн көчүргөн болушу мүмкүн. Бул туурасында Абай Шерик аттуу интернет колдонуучусу өкмөттүн расмий сайтына 22-мартта жарыяланган документтин скрин-сүрөтүн Twitter баракчасына жайгаштырды.

“КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 93-б буйругу” деген тема менен жарыяланган буйруктун текстинде «Республика Казахстан» деген сөз «Республика Кыргызстан» деп өзгөртүлбөй калган.

 

 

Абай Шерик жарыялаган скрин-сүрөттөн дагы бир чоң катаны көрүүгө болот. Анда “Кыргыз Республикасынын аймагына 2020-жылдын 22-мартынан тартып өзгөчө абал режими киргизилсин” деп жазылган.

Бирок 2020-жылдын 22-мартынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагына өзгөчө абал эмес, өзгөчө кырдаал режими киргизилген болчу.

 

Биз коңшу өлкөнүн Президенти менен Өкмөтүнүн расмий сайтын аңтарып жатып, 2020-жылдын 15-мартында Казакстандын аймагына өзгөчө абал киргизүү тууралуу  буйругун таап чыктык. Андагы айрым сөздөр Абай Шерик жарыялаган скрин-сүрөттөгү сөздөргө окшош экендигин көрүүгө болот.

Азыркы тапта Өкмөттүн расмий сайтындагы буйруктун текстери өзгөртүлгөн.

30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, 1-майдан тарта уруксат берилген тармактардын жоболору Казакстандан көчүрүлгөнүн айтып чыккан.

Аргумент.kg