Үй-жайсыз Кайраттын астында уят болбой, спикер кетип эле калбайбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Франкфурт жана Маяне” деп ката айткан спикер Дастан Жумабековго караганда, береги үй-жайсыз калган Кайрат алда канча билимдүү, кругозору кенен экенине коомчулук ынанды. Кайраттын эс-тутуму бай тура, өлкөлөрдүн, шаарлардын, жер-суулардын аттарын такалбай айтып, тез эле оозго алынды. Спикер болсо даяр кагазды окуй албай, далайдан бери шылдың болуп келет. (Улам оозунан жаңыла бергени аягында жаңылык деле болбой, элдин баары кол шилтеп калышкан.) Мындан улам соцтармактарда экөөнү салыштырышып, Дастанды жек көрүшүп, Кайратты алкап жатышат. Ушундай жагымсыз сөздөрдү уккандан көрө спикер Жумабеков кызматын өз эрки менен эле таштап кетсе болбойбу?..
Aryba.kg

Аргумент.kg