Фото-Элмирбек акын менен коштошуу зыйнаты башталды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Төкмө акын Элмирбек Иманалиев кант диабети менен жабыркап жүргөн. 20-апрелде кечинде ооруканага түшкөндөн кийин көз жумган.

Акын Элмирбек Иманалиев менен коштошуу зыйнаты башталды.

 

Тажыя маркумдун Тунгуч кичи районундагы өз үйүндө өтүп жатат.

 

Иш-чарага катышкан драматург, өлкө президентинин кеңешчиси Султан Раев Сооронбай Жээнбековдун атынан сөз сүйлөп, бул кыргыз эли үчүн орду толгун жоготуу экенин белгиледи.

“Президент өзү келейин деди эле, бирок азыркы кырдаал ушундай болуп калды. Бүгүн элибиз, чыгармачыл чөйрөбүз бир канатынан ажырады. Буга чейинки кыргыздан өткөн залкарларды бүгүн кайра бир жолу жоготкондой болуп турабыз. Анткени Элмирбек ошол таланттардын баарын өзүнө камтып жүрчү”, — деди Раев.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты, «Айтыш» коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз Элмирбек акындын көп кырдуу таланты тууралуу айтып, аз жашаганына токтолду.

 

«Бул дүйнөдөн кимдер гана өтпөгөн… Бирок Элмирбекти 70 жашка, жок дегенде 50 жашка чыгарып алсак эмне. Эркек киши ыйлабайт дейт, туугандар, бирок ыйлай турган күн болуп жатат. Элмирбек дайым кыргыздын туусу болду», — деди Шер-Нияз.

Иманалиевдин сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.

 

Төкмө акын Элмирбек Иманалиев кант диабети оорусу менен жабыркап жүргөн. 20-апрелде кечинде ооруканага түшкөндөн кийин көз жумган.

 

Иманалиев 42 жашта болчу. Артында үч уул, үч кызы калды. Эки небереси бар.

Булак:Спутник.кж

 

 

Аргумент.kg