ВИДЕО-Эки баштык картөшкө жана эки кап ун. Бүтүндөй кичи районго Ош мэриясынан берилген жардам
13-чын куран, 2020-ж // //Ош шаарынын мэриясы “Черемушки” кичи районунун тургундарына гуманитардык жардам көрсөттү. Бирок анын өлчөмү жергиликтүү тургундарды таң калтырган. Бүтүндөй кичи районго муниципалитет эки баштык картөшкө жана эки мүшөк ун жөнөткөн.
Ачуусу келген тургундар “Апрель” редакциясына көрсөтүлгөн гум.жардамдын көлөмүн видеого тартып, жөнөтүшкөн.
Алардын айтымында, аталган кичи райондо эки көп кабаттуу үй турат. Анын ар биринде сегизден үй-бүлө турат. “Черемушектин” жалпы жашоочулары болжол менен 50 киши
Булак:Апрель.кж