Кумарбек Өмүрзаков:»Карантин учурунда квартиранттарымдан акы албайм…»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Францияда карантин аяктаганча батирде жашагандар батир акысын жана коммуналдык төлөмдөрдү төлөбөйт» деген жаңылыкты окуп көпчүлүк окурмандарыбыз «бизде да ушундай болсо кана?!», «бул кол жетпеген кыял да» деген пикирлерин калтырышкан. Эл деген жакшы да, эл ичинде айкөл адамдар көп. Кыйын кырдаалда башкаларга жарыгын чачкан жакшы адамдардын бири  Кумарбек Өмүрзаков өзүнө тиешелүү батирде жашаган үй-бүлөлөрдөн 1 айлык батир акысын алуудан баш тартты. Ал мындай кайрымдуулук ишти кылууга башкаларды да үгүттөйт…

— Кумарбек мырза, кайсы шаарда турасыз?Сиздин батирде канча адам бар эле?

 

— Бишкек шаарында турам. Беш квартирантым бар. Бардыгы үй-бүлөсү менен жашайт, байкасам баарына акча тартыш, менде да ошондой жагдай эле. Ошентсе да көзүм менен көрүп туруп кантип акча төлө деп айтамакмын, албетте жүрөгүм, инсандык парасатым жол берген жок. — Мындай боорукерлигиңизди кандай кабыл алышты?

— Менин таң калганым баары тең унчугушкан жок, карантин деп сүйүнгөн бойдон айылына кетишиптир. (күлүп)
— Кудай ыраазы болсун, башкалар да сизден үлгү алып, кыйналгандарга жеңилдик кылып калгысы бардыр…

— Мен да ошентип ойлонуп башка жакта жашандарга салымымды кошоор бекенмин деп, социалдык тармактардагы баракчаларым аркылуу чакырык таштадым. Булак: Фабула Пресс

Аргумент.kg