5-канал Раим Матраимовдун колуна өтөбү?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Буга чейин миллионер атыккан Раим Матраимов “Супер инфо” гезитин жана “SUPER.KG” сайтын сатып алганы айтылган. Айрым булактар гезит менен сайт жалпы 6 миллион долларга бааланганын айтышууда. Дагы башка маалыматтарга Караганда, Матраимов мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Нурлан Шакиев жетектеп жаткан “New ТВнын” эфирдик убактысын, журналист Султан Каназаровдун “Slon.kg” жана “Акча бар” сайтын сатып алганын билдиришүүдө. Ал эми жакында коомчулукка белгилүү болгондой “Азаттык” Матраимовго байланышкан “миллиондордун изи менен” деген иликтөөсүн чыгарган. Арадан көп өтпөй 5-канал “Азаттык” иликтөөдө көрсөткөн документтер жасалма экенин көрсөткөн иликтөөсүн жарыялап, Матраимов ак экенин далилдөөгө далалат урду. Кызыгы, ошого удаа эле 5-каналды жеке тарапка сатуу боюнча Жогорку Кеңешке өкмөт тарабынан сунуш келип түштү. Буга каналдын Кыргыз телекомго болгон карызы себеп болгон. Бирок интернет колдонуучулар аталган канал Матраимовго сатылаарын жазышууда. 2018-жылдын май айында да депутат Дастан Бекешов аталган каналды парламенттик канал деген статусунан ажыратууну сунуштап чыккан. Бирок эл өкүлдөрү колдоодон баш тартып койгон эле.
БУЛАК: Ачык саясат 

Аргумент.kg