5 балам менен турмушка чыга аламбы?

5 балам менен турмушка чыга аламбы?

27-кулжа, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

.Турмушка чыгып, эл катары бaктылуу эле жашоом бар болчу. Төрт балалуу болуп, бешимчимди төрөрүмдө күйөөм жол кырсыгынан каза болуп калды. Андан бери төрт жылга жакын убакыт өтүп, кенже балам 3 жарым жашка чыкты. Азыр беш балам менен жашайм. Жаздыгым кургабаган күндөр артта калып, эми өзүмдү ойлоп, башты көтөрдүм. Беш балаң болсо да, күйөөнүн да өз орду болот экен. Жалгыздык кыйнады. Мага жөлөк, беш балама ата боло турган адам табылабы? Азыр тукумсуз болуп калган эркектер да көп дешет, мүмкүн балага зар болуп жүргөн мырзалар чыгып калабы? Жашым 40ка чыга элек. Оюнуздарды бөлүшүңүздөрчү.