Айпери Суранчиева: “КТРКдагы интригалардан улам чыгармачылыктан кеттим”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Телеалпаруучу Айпери Суранчиева учурда журналистика жаатынан кетип, өзүнүн сулуулук салонун ачып иштетип жүрөт. Ал эми телеалпаруучу бул кадамга эмне үчүн барганын ютуб каналдардын бирине берген маегинде ачык айтты:

“Бул чечимди кабыл алганга чейин мен көпкө ойлондум. Бул кесипке азыр деле жүрөгүмдүн түпкүрүнөн жакшы көрүү сезими бар. Бирок, билесизби, ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип коёт экен. Буга чейин канча жерде иштедим бирок интригага аралашпаганга аракет кылдым.

КТРК аябай чоң канал эмеспи, ар кандай интригалар болуп турат экен. Дал ошол интригалардан абдан көңүлүм калды. Жумушта болгон көйгөй кээ бир учурда үйдө көрсөтүлүп калган учурлар болуп калды. Маанайым жок келишим, балдарыма, жолдошума дагы өз таасирин тийгизип жатты. Мындан улам кетүү чечимин кабыл алдым”,- деп БарсМедиа билдирди

Аргумент.kg