
43 жаштагы киши 7 жаштагы баласын муунтуп өлтүргөн
27-чын куран, 2023-ж // Без рубрики // Айпери ОсмоналиеваӨзбекстандын Хорезм облусунда 43 жаштагы жаран өзүнүн уулун муунтуп өлтүргөн. Бул тууралуу өзбек басылмалары билдирди.
Маалыматка ылайык, 43 жаштагы жаран өзүнүн 7 жаштагы уулун муунтуп өлтүргөндөн кийин эч нерсе болбогондой жубайына достору менен жолугушарын айтып үйдөн чыгып кеткен.
Баланын каза болгондугу билингенден кийин милиция маркумдун атасын кармаган.
Ага карата киши өлтүрүү боюнча кылмыш иши козголгон.