Кыргызстандын 41 жараны учурда Ирактын түрмөлөрүндө камакта.Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, камактагы 41 жаран “Ирактагы террордук аракеттерге” катышканы үчүн соттолгон.
Ушул жылдын 28-февралында жазасын өтөп жаткан эки жаран камактан чыгарылган.
2021-жылдын март айында “Мээрим” гуманитардык миссиясынын алкагында 79 кыргызстандык бала Ирактан мекенине кайтарылган.
Булак:Аргумент кж