«40 миң долларлык унаамды алдатып ийдим» деген Гулжайна Атаканова Садыр Жапаровко кайрылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Президенттин атын жамынгандардын айынан 40 миң долларлык унаамды алдырып койдум» дейт көзүнө жаш алган куудул айым Гүлжайна Атаканова.

«Менин Лексус 570 үлгүсүндөгү унаамды тааныш кыз 1 айга күрөөгө коюп берип туруңуз, күрөөгө алчуларды өзүм табам, 1 айдан кийин чыгарып берем деген. Башында койгум келген эмес, эгер ошол кыздын көйгөйү ушул унаа менен чечилип кетсе, берейин деп бергем. Унааны 10 миң долларга күрөөгө койгом. Даният, Тимур деген балдарга бергем. 1 айдан кийин кыз кырсыктап калып, чыгара албай калган. Ал унаанын баасы 40 миң доллар»,- дейт ал.

Ал убакыттан пайдаланып, президент Садыр Жапаровго кайрылды. «Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич, сизден суранам, мен ушинтип алданып калдым. Кичинекей балам менен мен ошол нерсенин түйүнө жете албай жатам. Мен акыйкат издеп какпаган эшигим калган жок. Мен ал унааны алганда дагы бирөөдөн карыз алгам. Ал киши мени сотко берди. Оор абалда турам. Мен суранып кетем, ишенчээктигимден алданып калдым. Кайрылуум жетип калган болсо, көз салып коюңузчу. Бирөөсү унаамды, бирөөсү акчамды алып, ушундай абалга ташташты»,- деди ал.

Сереп медиа

Аргумент.kg