4 баланын энеси: “Мен үчүн төрөдүңөрбү, пособия сага бөлбөйбүз, каалаган жериңе барып арыздан” дешти

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын тургуну Чолпон Манасова 4 баласына мамлекет тарабынан берилип келген пособия негизсиз токтотулганын айтып 7-каналдын редакциясына кайрылды.

30 жаштагы Чолпон жолдошу экөө жумушсуз. 2018-жылдан бери балдарына жөлөк пул алып келген. 2021-жылдын октябрь айында балдарынын пособиясы мөөнөтү бүткөндүктөн токтотулган.

“Балдар менен убара болуп, пособиянын бүткөнүн билбей калыпмын. 11-январда Кара-Көл шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүнө документтерди даярдоого баргам. Кызматкерлер мага тактама алып келүүмдү айтышты. Аларды бүтүрүп барсам, жетекчиси документтериме кол койбой, орой мамиле жасап “Мен үчүн төрөдүнөрбү, колуңдан келгенине кыл, сага бөлбөйбүз, каалаган жериңе барып арыздан” деп чыгарып салды. Эмне кыларымды билбей ызаланган бойдон үйго келе бердим».

Чолпондун жолдошу кээде күнүмдүк иштерде устачылык кылат. Кышкысын азыр жумуш жок үйдө. Тапканын тамак ашынан артпай мектепке барчу баласына кышкы кийим кечек да алып бере албаптыр.

“Элестетсеңиз балам азыр мектепке жайкы красовка, жука шым менен барып жатат.Мектептен “Апа, бутум үшүп калды” – деп келет. Ага кийим кечек алып бергени каяктагы акча. Балдарыма берилип жаткан 3700 сом акчабызды да үзүп коюшту. Эми кандай оокат кылабыз билбей турам. Бизге окшогон оор турмушта жашаган адамдарга пособия бербесе, анда кимге берет. Мен билген айрым бардар үй-бүлөнүн балдарына пособия чегерип эле берип жатышат. Мен акча бере албаганым үчүн ушундай кылышты окшойт. Жолдошум Токтогулга барып жумалап устачылык кылып келет. Жумушсуз болуп катталып, ар ай сайын келип катталып туруш керек экен. Акыркы учурда анын такыр мүмкүнчүлүгү болбой калды эле, ошого шылтоо кылып балдардын акчасын бербей коюшту” – деди Чолпон Манасова.

Бул багытта биз Кара-Көл шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүнүн башчысы Чынара тургунбаевага байланышып, жагдай боюнча сураштырдык. Жетекчи бул үй-бүлөгө мыйзамдын негизинде гана жөлөк пул чегерүүдөн баш тартылганын айтат.

“Чолпондун жолдошу Белек биздин бөлүмдө жумушсуз катары каттоодо турган. Ал биз сунуштаган жумуштардан баш тартып, акыркы 2 айда каттоого негизсиз келбей койгон. Ошол себептүү мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө мыйзамына ылайык анын балдарына пособия берүү узартылган жок. Биз бардык үй-бүлөнүн балдарына ушул мыйзамдын алкагында пособия чыгарабыз”.

Кара-Көл шаары боюнча 237 үй-бүлө өтө жакыр деп катталган. Болгону алардын 194үнө гана жөлөк пул чегерилген. Коомчулукта балдарга пособия чегерүүдө кызматкерлер акча алып анан документтерин кабыл алат деген пикирлер басымдуу.

Булак: 7 канал

Аргумент.kg