«350 миң сомго саттым». Баткенде эки жигиттин өлүм алдындагы дагы бир видеосу тарады

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Социалдык тармактарда жол кырсык катталганга чейинки видео тараган. Кырсык Ош-Баткен жолунда катталган. Видеодон жигиттердин унааны саатына 220-240 чакырым менен айдап баратканын айтканын угууга болот.

Милициянын маалыматына караганда, кырсык 19-январда саат 11:30 чамасында катталган. Андагы эки жигит тең көз жумган. Учурда социалдык тармактарда дагы бир видео тарады. Анда унааны 350 миң сомго сатканы айтылган.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазган маалыматтарына ылайык, кырсыктан 1997 жана 1996-жылы туулган жигиттер каза болгон. Унааны 1997-жылы туулган жигит башкарып бара жаткан.

 

Аргумент.kg