300 млн сомду түзгөн алтынды, мыйзамсыз кыргызстанга алып кирип жаткандар кармалды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдиргендей, кыргызстанга баасы 300 млн сомду түзгөн 84 кг өлчөмүндөгу алтынды мыйзамсыз алып кирип жаткандар кармалган.

Маалыматка ылайык, 17-апрелде “Ак-Жол” товарларды чек арада каттоо пунктунда Чүй облусунун аймагындагы ири алтын казуучу компаниялардын бирине бара жаткан JAC үлгүсүндөгү унаа салмагы 84 кг жакын алтын менен кармалды. Унаанын ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүгө жана Кыргызстандын салык органдарында каттоодон өтүүгө тиешелүү болгон документтери жок болгон.

Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg