30-ноябрдан мектеп жана бала бакчалар иштеп баштайт
21-жетинин айы, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева20-ноябрь күнү Ош шаарында республикалык штабдын Оштогу координатору, мэрия жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышкан жыйын өттү.
Жыйындын соңунда 30-ноябрдан баштап аралыктан окуп жаткан 1-класстын окуучулары салттуу түрдө мектепке барып окуй турганын, жеке менчик бала бакчалар ачыла турганын билдирди. Бирок, алар толук түрдө санитардык эрежелерди сакташы керек. Ал эми, мамлекеттик бала бакчалар азырынча иштебейт.