27 жаштагы бала 80 жаштагы кемпирди зордуктап кетти

27 жаштагы бала 80 жаштагы кемпирди зордуктап кетти

11-бирдин айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Кечээ  10-февралда оор кылмышка шектелген Токмок шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди
Маалыматка ылайык, окуя  9-февралда, түнкү саат бирлер чамасында Токмок шаарында болгон. Беткап кийген адам тосмодон ашып түшүп, терезелерди сындырып, 80 жаштагы кемпирдин үйүнө уурулукка кирген. Үй ээсинин колун байлап, алтын, күмүш зер буюмдарын, уюлдук телефонун, үй буюмдарын жана тамак-ашын алганы аз келгенсип, зордуктап да кеткен. Бул факт катталып, кылмышка шектүү 27 жаштагы А.А. кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.