27 бала кырсыкка учурап , ооруканага кайрылган. Айрымдарынын абалы оор болууда

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Подтвержденный

Борбор калаадагы №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мананов Бишкек — “Манас” аэропорту автожолунда жол кырсыгына кабылып ооруканада жаткан балдардын абалы тууралуу  маалымат берди. Анын сөзү боюнча, автокырсыктан жаракат алып ооруканага жалпы 27 бала кайрылган. Анын үчөөнүн жаракаты жеңил болгондуктан үйлөрүнө чыгарылган. Төрт бала реанимацияга түшүп, үчөө 22-апрелде эсине келип палатага которулду. Дагы биринин абалы дагы деле оор бойдон.

“Абалы оор. Негизинен мээсинен жаракат алган. Жаагы, сол сан сөөгү сынып кеткен. Азыр комада жатат”, — деди Акылбек Мананов.

Башкы дарыгер калган балдар 24-апрелден баштап үйлөрүнө чыгарыла баштарын кошумчалады.

20-апрелде түшкө жакын Бишкектен “Манас” аэропортун көздөй бараткан жолдо автобус менен кичи автобус кагылышкан. Социалдык тармактарга тараган видеодон кырсыкка кабылган автобус кызматтык экенин көрүүгө болот. Айдоочу №4 травматология ооруканасына жаткырылган.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, жол кырсыгына кабылган автобустун ичинде Чүй облусунун Сокулук районундагы “Ат-Башы мектеп-лицейи” мекемесинин башталгыч класстарынын окуучулары болгон. Автобус балдарды мектепке ташып турган.

Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg