Мурдагы Премьердин “балдары” “Коопсуз шаар” долбоорун токтотобу?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Куру сөз курсак тойдурбайт” – демекчи мурдагы Премьер-Министр Сапар Исаковдун Өкмөтү элдин башын айландырган убадалары менен гана эсте калды. Бирок, тилекке каршы ал убадалардын бир да ишке ашкан жок. А түгүл Исаков чет өлкөдөн билим алган планшет көтөргөн жоон топ кеңешчилеринин кеңештеринен да эч кандай майнап чыккан жок. Акыры, Жогорку Кеңештин депутаттары “тойдук байдын кызына” кыязында, Сапар Исаковдо ун өкмөтүнө ишенбөөчүлүк көрсөтүп отставкага кетирген эле.
“ Куттуу орун бош турбайт” – демекчи тез эле чабал өкмөттүн ордуна чарбачыл өкмөт келип сөздөн ишке өттү. Мисалы: улуттук маанидеги “Коопсуз Шаар” долбоорун ишке ашыруу үчүн атайын тендер уюштурулуп Россиялык “Вега” компаниясы жеңишке жетишип “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу үчүн “жеңин түрө” киришип калганда тоскоолдуктар пайда болду.
Ал тоскоолдук, Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алуулардын жалпы системасындагы жана структурасындагы бир катар кемчиликтерден улам келип чыгууда. Көрсө, Сапар Исаков жетекчилик кылган кыргыз өкмөтүнүн мурдагы курамы, “ачык саясат жүргүзөбүз” – деген тонду “жамынып алып” мамлекеттик сатып алуулар системасындагы даттанууларды кароочу жогорку органдарды, жарандык коом менен өкмөттүк эмес уюмдарга “белекке” берип коюшкан экен.
Анысы аз келгенсип укуктук карама-каршылыктарды “уруп ойнобой” ведомстволор аралык көз карандысыз комиссиянын курамына, мамлекеттик сатып алуулардан такыр эле кабары жок адамдарды киргизип алышкан. Натыйжада тынымсыз иштеп келген долбоорлордун тагдыры ара жолдо калган. “Коопсуз шаар” долбоору, бир нече жолу коомчулуктун катышуусу менен “ийне-жибине чейин” талкууланып коомчулук долбоорду тезирээк ишке ашырууну колдоп чыккан. Бирок, ага карабастан “Коопсуз шаар” долбоору боюнча чечим, мамлекеттик сатып алуулар боюнча жалаң өкмөттүк эмес уюмдардан куралган комиссия тарабынан жокко чыгарылган.
Элдин кызыкчылыгына каршы чыгып жаткан комиссиянын курамын менен таанышкан адамга, “чү” дегенде эле «Прецедент» юридикалык компаниясынын өкүлү С. Эралиевдин фамилиясы көзгө урунат. Анткени С. Эралиев учурунда мамлекеттик сатып алуулар процессин, бей өкмөт уюмдардын колуна салып берген мурдагы өкмөт башчы, кадимки Сапар Исаковдун коргоочусу Нурбек Токтакуновдун «Прецедент» юридикалык компаниясынын кызматкери экени маалым.
Демек, мурдагы өкмөт башчы, бир убакта өзү түзгөн комиссиясы аркылуу, азыркы өкмөттүн “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга болгон аракеттин жокко чыгарууга жандалбастап жаткан сыяктуу.
Жөнөкөй тил менен айтканда Сапар Исаков түзгөн жарандык коомдун жана өкмөттүк эмес сектордун өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия, эч кандай жоопкерчиликти өздөрүнө албастан, өздөрүнүн жеке көз караштарына таянып “Коопсуз шаар” долбоору боюнча комиссиянын “жети өлчөп, бир кескен” чечимин жокко чыгарып отурат. Эң кызыгы, аталган комиссияга мыйзамдарга карама-каршы келсе дагы мындай ыйгарым укук берилгени таң калтырбай койбойт. Убагында Сапар Исаков “бул долбоорду ишке ашырат”- деп кытайлык “Хуавей” компаниясына ишеним артып, натыйжада “уйдан жок же уй байлаган жиптен жок” дегендей акыбалда калганыбыз көпчүлүктүн көөнүнөн кете элек. Эми болсо, аталган долбоорду ишке ашырууга реалдуу мүмкүнчүлүктөр түзүлгөндө, Исаковдун “балдарынын” мындай бут тоскон, ичи тардыгы жакшылыкка алып барбайт.
Ошентип, мурдагы Премьер-Министрдин жакын адамдарынын кара өзгөй иш аракеттеринин айынан “Коопсуз шаар” долбоору кайрадан ара жолдо калуу коркунучунда турат. Кыязы, ушундай аракеттери менен алар азыркы өкмөттү жаман атты кылууну көздөп жатышкан сыяктуу. «Экстер” элге пайдасын тийгизбесе да, жок дегенде зыянын тийгизбей тынч жүрүшсө.

Аргумент.kg