25 жыл аралыгында көзү өткөн кыргыз журналисттеринин галереясы ачылат
03-жетинин айы, 2018-ж // //7-ноябрь эл аралык маалымат жана басма сөз күнүнө карата 25 жыл аралыгында көзү өткөн кыргыз журналисттеринин сүрөт галереясы ачылат. Бул тууралуу «Азаттыкка» уюштуруучулардын бири, журналист Күнболот Момоконов билдирди.
— Журналисттердин күнүнө карата маркумдарга багыштап 7-ноябрь күнү «Ак сарай» ресторанында куран окутулат. Ошол эле жерде 120дай маркум журналисттердин сүрөт галереясы ачылат. Иш-чарадан кийин ал сүрөттөр Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетине тапшырылат. Демилгени Элнура Кулуева, Канышай Мамыркулова жана башка беш-алты журналист өз каалоосу менен көтөрүп, уюштурду.
Иш-чара 7-ноябрь күнү Анкара көчөсү 17/2 дарегинде «Ак сарай» ресторанында өтөт.
Булак: Азаттык