Дүйнөдөгү белгилүү экономисттер менен ишкерлерди чогулткан эл аралык форум эртен Бишкекте өтөт.

Эртең Бишкекте «Жибек жолунун экономикасын өнүктүрүү — кызматташтыктын өркүндөшү» аттуу эл аралык экономикалык форум өз ишин баштайт. Ал жолугушуулар «Жибек жолунун экономикалык белдеми» долбоорунун келечегин талкуулоого жана анын алкагында долбоордун ишке ашуусу үчүн ишкерликтин катышуусуна арналат. Аны менен бирге электрондук соода жүргүзүү, транспорттук жана товардык өткөрүүлөрдү түзүү маселеси талкууга алынат. Чоң көлөмдөгү мындай расмий жолугушуулардын жыйынтыгында катышуучулар ортосунда эки жактуу документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.Бул иш-чарага Европалык жана Евразиялык экономикалык союздун министрлери, Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү, ЕАЭСтин ишкерлер кеңешинин мүчөлөрү жана дүйнөгө таанымал экономисттер менен үлкөн ишкерлер катышат. Форумдун жүрүшүндө бийлик өкүлдөрүнө да экономика секторуна да ЕАЭСтин долбоорлорун ийгиликтүү иш жүзүнө ашыруу үчүн эффективдүү сунуштарды талкулоо жана аларды иштеп чыгууга жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлмөкчү. Форумга 20дан ашык өлкөлөрдүн мамлекеттик структураларынын кызматкерлери жана ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү чакырылган. Кыргызстандагы өндүрүшчүлөр жана ишкерлер союзунун вице-президенти Шамиль Борончиевдин айтымында Кытай жана Россия Федерациясынан чоң курамдагы делегация келиши күтүлүп жатат. Андан сырткары Түркия, Түштүк Корея, Сауд Арабия өлкөлөрү катышаарын билдиришкен. Кыргызстандагы «Пикир» аймактык эксперттер клубунун тең-төрагасы Игорь Шестаковдун айтымында ЕАЭС өлкөлөрү менен өз ара кызматташууга кызыккан Иран мамлекети да Бишкекте өтчү эртеңки форумга болгон чоң кызыгуусун билдирген. Эл аралык форум Кыргызстан өндүрүшчүлөр жана ишкерлер союзу тарабынан, «Жибек жолу» эл аралык соода палатасы (Кытай эл Республикасы, Гонконг) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу астында уюштурулуп жатат.

Аргумент.kg