22 жаштагы кыргыз кызды зордуктаган Түркиянын жараны 30-жылга түрмөгө жолдомо алды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Түркиянын Haberler.com агенттиги билдирген маалыматга таянсак, 3-январда Түркиянын Сарыер районунда түрк жараны Фатих Й. Кыргызстандык 22 жаштагы кызды зордуктаганы үчүн 30 жыл түрмөгө кесилди.
2017-жылдын 26-августунда түнүндө 22 жаштагы студент кызды Стамбулдун метросунан “Аязага” станциясына чыкканда Фатих Й. кармап алып “добушуңду чыгарсаң, өлөсүң!” деп кызды зордуктап, телефонун алып койгон.
Сотто Фатих күнөөсүн мойнуна албай койгон. Сот аны 30 жылга түрмөгө кести.
Анын ичинде зордуктоо фактысы боюнча 18 жылга, телефонду алып койгону үчүн 12 жылга кесилди.
Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg