2022-жылы мамлекеттик карыз 9,8 млрд. сомду түзөт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргызстандын сыртка болгон карызы тамакка тыгылган калкан болду. Бирок, улам азайып бара жатканы жакшы көрүнүш. 2021-2022-жылдары мамлекеттик бюджеттин чыгашасы 2021-жылга 191,5 млрд. сомго жана 2022-жылы 190,9 млрд. сомго кыскаруусу мүмкүн. Бул тууралуу КР Финансы министрлигинин 2020-2022-жылдардагы бюджеттик саясаттын негизги багыттарындагы документте жазылат.
2022-жылы мамлекеттик карызга болгон пайыздык төлөө 9,8 млрд. сомду түзөт. Капиталдык салымдарга, стимулдук грантка, мамлекеттик инвестицияларды каржылоодогу чыгашалар 2021-жылы 4,9 млрд. сомду жана 2022-жылы 7,6 млрд. сомду түзөт. Мамлекеттик тышкы инвестициялардын чыгашасы (грантты кошкондо) 2021-жылы 21,7 млрд. сомго, 2022-жылы 14,2  – млрд. сомго жетиши күтүлүүдө.
Булак: «Факты.кж»

Аргумент.kg