20 жаштагы Бурулайды бычактаган шектүү абакка киргизилди.

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында алып качып, Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө бычактаган Бөдөшев 2 айга тергөө абагына киргизилди.

Чүй облустук милициясынын маалыматына ылайык, буга чейин шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып эки айга камоо чечими чыккан. Ал алган жаратынан улам ооруканада жаткандыктан абалы жакшырганга чейин кайтарууга алынган болчу. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилди.

Белгилей кетсек, 28-майдын түнүндө 29 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып алган кызын бычактап, кийин өзүнө да кол салган. Кыз алган жараатынан улам каза болуп, эркек киши ооруканага  тушкон ИББдин жетекчиси баш болуп 23 кызматкер жазаланган.

20 жаштагы Бурулайдын жаркын элесине арналган кыска метраждуу тасма тартылган.

БУЛАК: saat.kg

Аргумент.kg