2 жашар кызын сабап, видеого тарткан келиндин атасы менен агасын бир түндө атып кетишкен

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Баткенде эки жашар кызын сабаган келин Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалды.

Ал эми Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кадамжай районунда апасы сабаган кыз жана анын эки бир тууганы Совет айылындагы “Кут кадам” үйүнө жайгаштырылганын маалымдады.

Милициянын маалыматы боюнча, 27-январда келиндин күйөөсү милицияга арыз жазып, аялы кызын уруп, зомбулук көргөзүп келгенин билдирген. Ал ошол эле райондун Марказ айылынын тургуну менен 2020-жылдын март айынан бери жарандык никеде жашап жүрүп, 2021-жылы кыздуу болушканын жана жакындан бери пикир келишпестиктен чогуу жашабай калышканын айткан.

Окуя 5-январда болгон. Анда келин өзүнүн кызын уруп, видеону жолдошуна WhatsApp тиркемеси аркылуу жиберген.

Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту “Баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп сабоо” менен кылмыш иши козголгон.

Наристени сабаган келиндин видеосу социалдык түйүндөрдө тарап, айрымдары аялды жоопко тартууну талап кылса, кээ бирлери анын психикалык абалына көңүл буруу керектигин белгилешти.

Бул арада интернет желесине келиндин өткөн жылы бир тууганы менен атасын бир күндө атып кетишкени боюнча маалыматтар тарады.

Кызын сабаган келин ЖМКлардын бирине маек берип, агасы менен атасынын өлүмүнөн кийин стрессте жүргөнүн айткан.

«Өткөн жылдын октябрь айында үйдө атам менен агамды атып, апамды сабап кетишкен. Ошондон улам абалым жаман. Дайыма башым ооруп, дарыланам. Ошол күнү жолдошум менен урушуп кеткенбиз. Ал атам менен агамды өлтүргөн кишинин атын айтып, туура эле кылганын айтты. Уруш учурунда бычак такаган. Мен ошондуктан ушундай абалда болуп калдым», — деген ал.

Эске салсак, 2022-жылдын 18-октябрында саат 22:00 чамаларында Кадамжай районунун Марказ айыл аймагындагы үйгө белгисиз атуулдар киришип, 1961- жылы туулган Ш.К. аттуу жаранды жана анын уулу 1992-жылы туулган К. уулу Р. белгисиз ок атуучу курал менен атып өлтүрүп, андан кийин К.Шнын жубайы 1963-жылы туулган Ш.М.ны белгисиз катуу буюм менен башына жана колуна уруп, жараат келтирип, короодогу мал сарайын өрттөп салышып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткендиги аныкталган.

Булак: Говори.тв

Аргумент.kg