19 жаштагы украин кызы кыздыгын аукционго коюп, 1 миллион 200 миң еврого сатты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Украинанын 19 жаштагы тургуну кыздыгын аукционго коюп, 1 миллион 200 миң еврого сатты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, учурда АКШда жашаган Катя аттуу 19 жаштагы кыз эскорт-агенттиктердин биринин сайтына кыздыгын аукционго койгон. Кыздыктын баштапкы баасы 100 миң евро болуп, соода учурунда 1 миллион 200 миң евро сунуштаган фитнес-клуб тармактарынын ээси 58 жаштагы мюнхендик жеке ишкер жеңүүчү аталган. Жеңүүчү украиндик кызга дароо эле үйлөнүүгө макулдугун жана ай сайын 10 миң евро бөлүп турарын билдирген.
Ал эми Катя кыздыгын саткан акчаны саякатка жана кооз жашоого жумшарын айткан.
Катя менен жеке ишкердин жолугушуусу расмий түрдө сойкулукка уруксат берилген Германиянын аймагында өтмөкчү-деп Кабар.кж сайты билдири

 
 

Аргумент.kg