19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев эки айга камалды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жетим-Тоо кени боюнча жалган маалымат таратууга шектелип кармалган 19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиевдин баш коргоо чарасы каралып, эки айга камалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан билдирди.

Соттун чечими менен Жекшеналиев 2022-жылдын 14-октябрына чейин Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилди.

19 жаштагы блогер 15-августта кармалган. Милиция ал социалдык тармактагы баракчасына такталбаган жалган маалыматты атайын таратып, элдин башын айландырып жатат деген.

Жекшеналиевге карата ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин («Массалык башаламандык») 3-бөлүгү менен иш козголгону белгиленген. Ал бөлүк «Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыкка чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар» деп аталат. Мындай берене менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

Аргумент.kg