18 мамлекеттик ишкананы жоюу сунушталды
13-кулжа, 2017-ж // //Мамлекеттик мүлк фондунун башчысы Болсунбек Казаковдун 12-июнда парламентте билдиргени боюнча, 166 ишкана кайра түзүлүүдө. Алардын көбү акционердик коом болуп өзгөрөт.
— “Кыргызтуракжайкомсоюздун” 25 ишканасын кыскарткандан кийин 140 мамлекеттик ишкана калды. Анын ичинен 59 ишкана мекеме болуп өзгөрөт. Алар толугу менен мамлекеттен каржыланат. 14ү филиал болот. 19у акционердик коом, төртөөн менчиктештирүүгө, 18 мамлекеттик ишкананы жоюуга сунуш бердик. Бул өкмөттө каралып жатат.
Дүйнөлүк банк электрондук портал ачып, мекемелердин тизмесин түшүрүүгө 2014-жылы 684 миң доллар грант бөлгөн. Өкмөттүн туруктуу өнүктүрүү программасынын алкагында мамлекеттик мекемелерди инвентаризациялоо иштери 2015-жылы бүтүшү керек болчу. (КЕ/ЕВМ)
Булак: Азаттык