17 жаштагы кыздын зордукталышы. «Алтын Казына» рестораны билдирүү жасады

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Алтын-Казына» ресторанынын эки кызматкери 17 жаштагы кызды мейманканага алып барып зордуктады делген окуя боюнча ресторан билдирүү жасады.

«Урматтуу катталуучулар! Сиздерге 2022-жылдын 6-7 августка караган түндө болгон окуя боюнча кайрылабыз. Окуя түндө, кызматкерлердин жумуш убактысынан тышкары болгон.

Кызматкерлер уруксатсыз жеке адамдардын ижарага алынган корголуучу жайга кирип кетишкен. Кылмышкерлер кармалды жана алар Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодекси боюнча жаза алышат. Биз бул кырдаалды кабыл алып, тергөөгө ар тараптуу жардам берип жатабыз. Ошондой эле биз дагы сиздер сыяктуу эле адилеттүүлүктүн тарабында экенибизди билдиребиз», — деп жазылат «Алтын-Казына» ресторанынын кайрылуусунда.

Буга чейин Лебединовка айылында эки жигит 17 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жатканы боюнча маалымат тараган. Анда Бишкектеги «Алтын Казына» ресторанынын кызматкерлери кызды бир күн бою алмак-салмак зордукташканы айтылган.

Ал эми аталган окуя боюнча Аламүдүн РИИБине кайрылганыбызда, окуя боюнча бардык адамдар такталып, алар суракка алынгандыгын жана окуянын жагдайы боюнча тыкыр изилдөө жүргүзүлүп, күнөөлүү адамдарга мыйзам чегинде тийиштүү чаралар көрүлөрүн билдирген.

Аргумент.kg