17 жаштагы Айдана Мусакулова дайынсыз болуп изделүүдө

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Чүй облусунун Сокулук районунда 17 жаштагы Айдана Мусакулова аттуу кыз дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. Маалыматка караганда, ал Сокулук районунда жайгашкан үйүнөн 31-май күнү чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Белгилери: Бою 160-165 сантиметр, арык чырай, чачы кара, узун, көздөрү күрөң. Кийген кийими: көк футболка, кара шым, бутунда ак түстөгү спорттук бут кийим. Учурда изделип жаткан өспүрүм кыз Бишкекте болушу мүмкүн деген маалыматтар бар. Милиция Мусакулованы табууга коомчулуктан көмөк сурайт: (0312) 43-01-27, (0312) 43-88- 85, (0312) 60-75-67, 0558 86 14 86, 0701 80 18 03.

Аргумент.kg