15 жаштагы кыз ваннада токко урунуп каза болду
21-бирдин айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваОкуя 13-февралда Москва шаарында болду. 15 жашагы кыз жуунуп жатып, токко урунуп каза болду. Бул тууралуу IvanovoNews сайты билдирди:
Маалыматка караганда, өспүрүм кыз жуунуп жатып, токко сайылып турган телефонун сууга түшүрүп алган. Алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон.
Жашы жете элек кыздын өлүмү боюнча Россиянын Тергөө комитетинин Иваново облусу боюнча тергөө комитети иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.