15 жаштагы бала мектеп окуучусун зордуктаган деп шектелүүдө

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ысык-Ата районунда 15 жаштагы бала мектеп окуучусун зордуктаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 18-апрелде 39 жаштагы К.Н. атту жаран милицияга кайрылып, 24-февралда мейманканалардын биринде жашы жете элек кызы менен жыныстык катнашка барган чала тааныш балага чара көрүүнү суранган.

Аталган факты каттоого алынган.

«Милиция кызматкерлери жашы жете элек кызды суракка алышкан. Ал бала менен 2021-жылдын октябрында Telegram аркылуу таанышканын, алар дос боло баштаганын айткан. 2022-жылдын 24-февралында саат 13.00дөр чамасында бала анын мейманканалардын бирине чакырып, мас абалынан пайдаланып жыныстык катнашка барган. Кылмышка шектүү катары Кант шаарынын тургуну 15 жаштагы К.А. сурак учурунда ал жабырлануучу кыздын макулдугу менен жыныстык катнашка барганын айткан

Иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн бир катар тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Экспертизалар дайындалды», — деп айтылат билдирүүдө.

 

Аргумент.kg