14 жаштагы өспүрүм кыз 4 күндөн бери дайынсыз

14 жаштагы өспүрүм кыз 4 күндөн бери дайынсыз

04-чын куран, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жоголгон 14 жаштагы өспүрүм кызга карата , издөө иштери уланууда.

Маалымат караганда, Кызыл-Үңкүр айыл аймагынан 31-март күнү үйдүн жанынан топ ойноп жаткан  2009-жылы туулган М.Ф аттуу өспүрүм кыз, тобу дарыяга учуп кетип, издөөгө кеткен боюнча ,дайыны чыккан эмес.

Кечээ,  баланы  издөөгө 1 кызматкер ,11 куткаруучу, милициянын 12 кызматкери,ошондой эле жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган.Жалпы 54 адам , аталган өспүрүм кызды издөөдө.

Ошондой эле издөө иштери бүгүн да уланууда.

Булак:Аргумент кж