13 жаштагы өспүрүм кыз дайынсыз жоголууда

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 Сокулук районунда 13 жаштагы дайынсыз жоголгон Арзыматова Айсезим Данияровна изделүүдө.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кыздын туугандары милицияга кайрылып, 2010-жылы туулган Арзыматова Айсезим Данияровнаны издөөгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүшкөн. Ал 2023-жылдын 26-апрелинде Ново-Павловка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

 

Белгилери: бою 160-165 см, көздөрү кара, чачы далысына чейин кара, арык чырай, ак жүздүү.

Кийимдери: кара-күрөң түстөгү свитер, классикалык кара шым, бутунда ак кроссовка.

«Жогорудагы Арзыматова Айсезим Данияровнаны көргөн-билгендер төмөндөгү телефон номерлер аркылуу билдирип коюңуздарды өтүнөбүз: 03134 5-33-80, 0558 86-14-86»,- деп айтылат маалыматта.

Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg