Жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин милициянын ыйгарым укуктуу участкалык инспектору жана анын досу кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.
Маалыматта, кечээ, 3-мартта сурактан кийин 2008-жылы туулган кызды зордуктаган деген шек менен райондук милиция кызматкери жана анын досу ушул эле райондун прокуратурасы тарабынан кармалган.
Кармоого Свердлов РИИБнин жетекчилиги жана ички иликтөө кызматынын кызматкерлери да катышты.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.
Айрым маалыматтарга караганда, бул кылмыш ишине дагы бир милиция кызматкеринин тиешеси бар, ал дагы бүгүн камакка алынат.