13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип, дагы бир милиция кызматкери кармалды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкекте 13 жаштагы кызды зордуктады деген шек менен дагы бир милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, ИИБнүн ички иликтөө кызматы Свердлов районунун прокуратурасы жана райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери менен биргеликте Ленин райондук ИИБнүн инспектору милициянын лейтенанты 39 жаштагы Д.К.ны кармашкан.

Эске салсак, буга чейин Бишкекте 13 жаштагы өспүрүм кызды зордуктоого шектелип 19 жаштагы жаран кармалган. Ошондой эле, аталган фактыга 3 милиция кызматкеринин тиешеси бар экендиги да айтылган.

Кийинчерээк, бул фактыга тиешеси бар деп Свердлов районунун 34 жаштагы аймактык тескөөчүсү А.Э.кармалган.
Шектүүлөр Свердлов районунун 34 жаштагы аймактык тескөөчүсү А.Э. жана 19 жаштагы М.М. убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Аргумент.kg