13 жашар кыздын зордукталышы, өлүмү боюнча дагы бир тергөөчү камалды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Буга чейин 13 жашар кыз зордукталып, жанын кыйганы боюнча биздин гезит жазып, милиция кызматкерлеринин кыянаттыгын келтирген элек. Натыйжада, Ленин РИИБнин эки тергөөчүсү, судмедэксперт жана ычкыры бош аңги камалган. Башкы прокуратуранын текшерүүсүнөн кийин булар колго түшүп атпайбы, ага чейин ишти кыскартып, көмүскөдөн чечип салышканын карабайсыңарбы! Буларга өспүрүмдүн тагдыры бир тыйын тура. Ушул иш боюнча Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Ногойбаев тетири сүйлөп, “кыздар өздөрү таанышып, мамиле кылышат…” деп аларды жеңил ойлуулукка бурган болчу. Анан коомчулук дүрбөлөңгө түшүп, нааразычылык акциясына чыгышкан.

Баса, соңку маалыматтан алсак, 13 жашар кыздын зордукталышы, өлүмү боюнча Свердлов РИИБнин тергөөчүсү да камалды. Себеби, маркум өспүрүмдүн жашаган жери Свердлов районунда болгону, а тергөөчү убагында милдетин аткарбай, тийешелүү чара көрбөй, Ленин РИИБге ишти оодара салганы үчүн айыпталууда. Мындай ыраатсыздыктар жетекчиликтердин шалаакылыгы, кайдыгерлигинен болууда. Азамат Ногойбаев бети кызарбай, кызматында тырышып кала берди. Берки эки райондун начальниктери Бактыбек Нарчаев менен Азамат Байгазиевге баары бир окшойт. Бул үчөө кайсы моралдык укуктары үчүн сакталып отурушат? Догурунбай пенсияга кете беришпейби? Кепке кемтик болушпай…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg