Гезитибиздин өткөн санында 13 жашар кыздын уурдалып, эки күн бою зордукталганын жазганбыз. Бул каргашалуу окуя 2023-жылдын 8-январь күнү болсо да, ушул убакка чейин аңги кармала элек. Бишкек ШИИБ башчысы Азамат Ногойбаев менен Свердлов РИИБ начальниги Азамат Байгазиев резонанстуу кылмыштын бетин ача албай отурушат, тердеп-кургашып. Жетекчилер жарактан чыгышса, өздүк курам да ошого жараша артка кетет тура. Бишкек шаарында дээрлик тоноо, уурдоо, зордук-зомбулук ж.б. оор кылмыштар ачылбай, коомчулук коркунучта жашап калгандай кооптонуу бар. Өкмөт уйкусурабай борбор калаабызга профессионал, күчтүү кадрды койбойбу? Элибиз карап турат. Качанкыга чейин?.. «Азия Ньюс» гезити
13 жашар кызды зордуктаган аңгини Азамат Ногойбаев таба албай тердеп-кургаганда
Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш