«12 жаштагы кыз кош бойлуу». Чүйдө эки кичине кызды зордуктоого шектелген 80 жаштагы карыя камакка алынды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Токмокто эки кичине кызды зордуктоого шектелген жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

«Кылмышка шектүү 80 жаштагы карыя мурда дайындалган экспертизанын жыйынтыгы боюнча убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, СИЗОго киргизилген. Тергөө иштери уланууда», — деп билдиришти.

  • 19-декабрда Токмок ШИИБге 2010-жылы туулган кыздын 8 айлык боюнда бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты ШИИБге катталып, тергөө жүрө баштаган. Окуя боюнча милицияга 1987-жылы туулган келин арыз менен кайрылып, 1942-жылы туулган жаран анын 2010 жана 2008-жылы туулган кыздары менен жыныстык катнашка барганын айткан. Тергөө учурунда эки жашы жете элек кыздын 2022-жылдын жаз айларынан баштап, карыянын үйүн жыйноо үчүн барып жүргөнү аныкталган. Аталган кылмыш боюнча Жазык кодексинин 154-беренеси менен иш козголгон. Окуяны Чүй ОИИБдин башчысы жана ИИМ өз көзөмөлүнө алган.
Аргумент.kg